7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

343

8-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлуп, кабыл алынды.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

1. Бир жагынан Евразия экономикалык биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан Монголиянын ортосунда убактылуу соода келишимин түзүү жөнүндө Монголия менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы тууралуу.

2. Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

3. 2019-жылдын 20-декабрындагы №31 Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

4. Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө Протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге 20-тиркеме).

5. «Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл» медалы жөнүндө.

Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин башчыларына төмөнкү баяндамалар жасалды:

— Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы чечимин аткаруунун жүрүшү жөнүндө № 12 “Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча.

 — Евразия экономикалык биримдигинин 2023-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө.

Мындан тышкары, бир жагынан Евразия экономикалык биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда товарлардын өндүрүлгөнүн тастыктоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында электрондук маалымат алмашуу жөнүндө протокол жактырылды.

344