Айдоочулук күбөлүккө атайы мопед айдоочулары үчүн жаңы категория киргизүү пландалууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, эми айдоочулук күбөлүктө бул категория А1 деп белгиленет.
«Эреже кыймылдаткычынын күчү 50 кубдан ашпаган транспорт айдоочуларына тиешелүү. Долбоор жакын арада коомдук талкууга чыгарылат», — деди Айтикул уулу.