Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Теңгиз Бөлтүрүк муфтийди келе жаткан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктаганы айтылат.
Ал эми муфтий «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамаатынын ишине ийгилик каалап, муфтияттын ишмердүүлүгү менен тааныштырган.
«Теңгиз Бөлтүрүк Курман айттын алдында барып курап окутту, курмандык кылды. Муфтиятка кандай жардам керек болсо беребиз деди», — деп кошумчалады «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин маалымат кызматынын башчысы .