Садыбакас ажы Дооловдун айткандары адамдын ар-намысына шек келтирбейт. Мындай пикирин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Дооловдун айткандарын 3 критерий менен каралган. Анын натыйжасында шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын аброюна, кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктаган.
Садыбакас ажы Доолов өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү тууралуу айткан сөзү соцтармакта кызуу талкуу жаратып, кийин Муфтият бул боюнча териштирүү жүргүзүлө турганын билдирген.