7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни атып кетишти. Абалы кандай? (видео)

586

Япониянын Нара шаарында мурдагы премьер-министр Синдзо Абэни атып кетишти. Абэ боюнча так маалымат жок, бирок ЖМКлардын кээ бири ал каза болгонун божомолдошсо, айрымдары анын ооруканада экенин, абалы өтө оор деп жазышууда. Би-Би-Си жазгандай, бийлик өкүлдөрү, ок атуу болгонун ырастап, бирок мурдагы премьер-министрдин абалы тууралуу маалымат жок экенин билиришүүдө.

Маалымдалгандай, Абэ Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда белгисиз куралчан адам аны далыга эки ирет аткан.

«Абэ ооруканага жеткирилген, бирок акыркы маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган. Бул анын өлгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Бирок, бул маалымат тактала элек», — деп билдирген Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы.

Кол салууга байланыштуу кризистик штаб түзүлгөнү жана  полиция кылмышка шектүү 41 жаштагы жаранды кармаганы айтылды.

67 жаштагы Синдзо Абэ 2020-жылы премьерлик кызматтан кеткен, бирок ал Япониянын Либералдык-демократиялык партиясында таасирдүү фигура бойдон калган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

587