7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалим менен окуучунун чыры: Мугалимдин кол көтөрүүсүнө окуучу кыздын орой мамилеси себеп болгон

971

25-май күнү социялдык тармактарда Сузак районунун аймагында жайгашкан орто билим берүү мектептердин биринде, мугалим жашы болжол менен 15-16 жаштагы окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видео-тасмасы тараган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фактыны текшерүүнү талап кылгандыктан 25-май күнү Сузак РИИБдин маалымат электрондук журналына (МЭЖ) катталып, алдын-ала текшерүү жүргүзүлгөн.

Териштирүүдө окуя ушул жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексининде болгондугу, аталган окуу жайдын 7-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Д.Х. информатика сабагынын мугалими Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган.

Окуя боюнча мугалим Э.М. суралган учурда ал 23-май күнү саат 12:00дө сабак учурунда 7-классынын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы аталган 7-классынын окуучусу 2009-жылы туулган К.А. өз-ара сөз талашып, айтышып кетишкен учурда, аларга сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткендигин, окуучу Д.Х, мага орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып аны бети-баш жактарына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жиберген болчумун деп көрсөткөн.

Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видеосу алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин, окуучу мугалимге акараат кылып, аны менен кайым–каяша айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган.

Аталган факты боюнча толук жана обьективдүү текшерүү максатында, Д.Х. денесинен алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошондой эле, азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын-ала сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

972