7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муктаж үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон батирлерди мэриянын кызматкерлери ээлеп алган

945

 Бишкек шаарынын Аламүдүн -1 кичирайонунун аймагында жайгашкан  мэриянын муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталды.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой,  батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.

«Бул батирлер мыйзам талабына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгы менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси М.А.га берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш тартууда.
 Соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде мэриянын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды»-деп айтылат маалыматта.  Азыркы учурда аталган окуя боюнча  сотко чейинки өндүрүш  иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

946