7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“MURAS” этно жаштар лагеринин ачылышы болду

247

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “MURAS” этно жаштар лагеринин ачылыш аземине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул маданий-агартуу долбоору жаштардын улуттук аң-сезимин күчөтүүгө, кыргыз элинин тилин, тарыхын, салт-санаасын жана бай маданий мурасын терең таанууга өбөлгө түзөт.

«Кыргыз элинин руханий дөөлөтүн сактоо жана даңазалоо — бул ар бир жарандын парзы. Анткени маданиятты сактоо — бул элдин тарыхын, уңгусун сактоо менен барабар», — деп белгиледи министр.

Анын айтымында, “MURAS” лагери — бул жөн гана эс алуу эмес, мекенге болгон сүйүүнү, чыгармачылыкты жана лидерлик жөндөмдөрдү ойготкон аянтча болуп саналат.

248