7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мурас” футбол мелдешинде “Ден соолук” командасы жеңди

557

Бишкекте 25-26-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» алтынчы салттуу достук мелдеши аяктады.

Мелдештин экинчи күнүндө оюнга президент Садыр Жапаров «Президенттин командасы» курамы менен катышты.

Оюндардын соңунда мамлекет башчысы эки жыл мурда бул мелдеш кыргызстандыктарды спорт менен алектенүүгө шыктандыруу максатында башталганын жана бүгүн бул максат ишке ашканын белгиледи: эми мектеп окуучулары гана эмес, чоңдор дагы, ошондой эле аксакалдар дагы футбол, волейбол жана баскетбол менен активдүү алектенишет. «Дени сак улут – дени сак өлкө», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы жана ата-энелерди балдарды спорт менен алектенүүгө үндөөгө чакырып, илим менен дене тарбияны айкалыштыруу керектигин, анткени булар ден соолуктун кепилдиги экенин ырастады.

Мелдешке ар кандай тармактардын өкүлдөрүнөн топтолгон 16 команда катышты. Байге фондусу 1 миллион сомду түздү.

Жеңүүчү катары «Ден соолук» командасы аталып, 400 миң сом утуп алды. Экинчи орунду «Коопсуздук» командасы ээлеп, 300 миң сом байге алса, үчүнчү орунга 200 миң сом алган «Спорт чеберлери» командасы жетишти.

«Президенттин командасы» курамы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

Мындан тышкары оюндардын жыйынтыгы боюнча «Мурас-2024» мелдешиндеги мыкты дарбазачыга, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери кубокторду жана медалдарды алышты. Сыйлоо аземинин соңунда эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

 

558