7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурас-Ордодо инисин өлтүргөн өспүрүм эки айга камакка алынды

1412

«Мурас-Ордо» конушундагы инисин өлтүрүүгө шектүү катары кармалган байкеси Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук соту 18-мартта кабыл алган.

Белгиленгендей, 16 жаштагы өспүрүм эки айга чейин абакта болот.

Эскерте кетсек, 17-мартта Мурас-Ордо конушунда өспүрүмдүн сөөгү апасы тарабынан табылган. Каза болгон А.М. 11 жашта болчу, анын туугандарынын айтымында, ал талма оорусу менен ооруган жана ал ар дайым жакындарынын карамагында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бир туугандардын ортосунда уруш чыгып, натыйжада А.С., инисин бычак менен сайган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1413