7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мурда дал ушундай кылмыш үчүн соттолгон». Ошто мечиттерде уурулук жасап жүргөн шектүү кармалды

761

Ош шаарында мечиттерде уурулук жасап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Кылмышка шектелип кармалган жарандын 1995-жылы туулгандыгы, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну экени аныкталган. Ал Ош шаарына келип, мечиттерге намаз окуганы келген жарандардын алаксып калгандыгынан пайдаланып, аларга таандык болгон буюмдарды: телефон, акча, сумкаларын уурдап, изин жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 20га жакындаган.

Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп турган. 3-апрель күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, шектүү буга чейин Бишкек шаарында дагы ушундай кылмышы үчүн соттолуп чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

762