7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камалды

483

Салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына камалды. Тиешелүү токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-февралда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, атайын кызмат “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалганын 22-февралда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. УКМК мындан сырткары документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайда жасалма түрдө төмөндөтүлүп, салык органдарына жалган маалыматтар берилип турганын кабарлаган.

484