7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурду, кулагы кескиленген аял. Акыйкатчы жооптуу кызмат адамдарына чара көрүүгө чакырды

397

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева ооруканага барып мурдагы күйөөсү мыкаачылык кылган аялдын абалынан кабар алды. Бул тууралуу аталган кызматтан 7-каналга билдиришти.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Министрлер кабинетинин башчысын, Жогорку сотту, Башкы прокурорду мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бетин кескилеген аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга жоопкер болгон кызмат адамдарына чара колдонууга чакырат.

Сокулук районунун Селекционное айылында болгон үрөй учурган кылмыш — аялдын укугунун өтө оор, болуп көрбөгөндөй бузулган жагдайы болуп саналат.

“Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып жана мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган, ал көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды токтоосуз кабыл алууга милдеттүү. Аталган органдардын өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдигерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек”,-деп белгиледи Акыйкатчы.

Бүгүн, 24-сентябрда Джаманбаева ооруканага барып, жабырлануучунун абалы менен таанышты.

“Балдарынын энесине мындай мыкаачылык менен кылмыш жасаганы үчүн ал эң оор жаза алыш керек”,-деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы палатада жабырлануучунун бир тууганы менен сүйлөштү.

Аял жашы жете элек балдарынын жан дүйнөсүнүн абалына кабатыр болуп жатат — кичүү уулу бул кылмыштын күбөсү болгон. Аларга тез арада психологиялык көмөк зарыл.

Аялдын бир тууганы Акыйкатчыга башка жагдайлар тууралуу дагы айтып берди. Мурдагы жолдошу аялдын кулагын жана мурдун кескенден кийин, бетин да бир нече ирет кескилеген.

Жабырлануучу ооруканада психологиялык көмөк алууда.

“Акыйкатчы институту жабырлануучуга жана анын балдарына зарыл болгон жардамды көрсөтөт”,- деп билдирди Акыйкатчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

398