7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мушкерлер Кытайда өткөн эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди

724

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) алтын медаль жеңип, мелдештин жеңүүчүлөрү болду. Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) коло байгеге татышты.

Ал эми, 9-октябрда 67 кг чейинки салмак чен бирдигинде Алмаз Орозбеков алтын байге үчүн күч сынашат.

725