7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мьянмада президент менен мамлекеттик катчы кармалды

453

Мьянманын мамлекеттик катчысы Аун Сан Су Чжи жана башкаруучу партиянын башка жогорку кызматтагы өкүлдөрү 1-февралдагы рейд учурунда кармалды.

Кармоо төңкөрүш болушу ыктымал деген айың-кептерден кийин болду.

«Демократия үчүн улуттук лигасы» (NDL) партиясынын өкүлү Мио Ньюнт Reuters агенттигине кабарлагандай, аскерлер мамлекеттик катчы Су Чжи, Мьянма президенти Вин Мьин жана башкаларды 1-февраль күнү эртең менен кармап кетишти. Мамлекеттик MRTV телеканалы техникалык себептерден улам иши үзгүлтүккө учурай турганын жарыялады. Мьянманын борбору Нейпьидо менен телефондук байланыш үзүлдү.

Ноябрда өткөн шайлоодон кийин жарандык өкмөт менен аскерлердин ортосунда мамиле курчуп кеткен. Армия шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептейт. Саясий өнөктүктө NDL партиясы көпчүлүк добуш менен жеңип чыккан соң, парламент ушул айда жыйын өткөрүшү керек болчу.

Мьянманы жарым кылым башкарып келген аскер адамдары 2015-жылы бийликке Су Чжи келгенден кийин да саясий жана экономикалык таасирин сактап калышкан.

Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Чжи 2017-жылы жүз миңдеген мусулман-рохинжаларды куугунтуктагандан кийин эл аралык репутациясын жоготкон. Мьянманын аскерлери экстремисттерге каршы күрөш жүргүзгөнүн жарыялаганы менен укук коргоочулар Мьянма бийлигин этникалык тазалоо иштерин жүргүзүүгө айыпташкан.

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, парламенттеги мандаттардын төрттөн бир бөлүгү жана күч түзүм тармагындагы негизги министрликтердин үчтөн бири аскерлерге таандык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

454