7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз байыган Жогорку соттун судьясы акча төгүп, абактан бошотулду

1463

Мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев бүгүн, 20-мартта келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн мамлекетке төгүп, эч жака чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Маалыматка ылайык, Камил Осмоналиев 2020-жылдын 15-декабрында УКМК тарабынан кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 70 миллион сом мамлекетке кайтарган. Калганын 3 айдын ичинде бөлүп төлөөнү убадалаган. Ал эми Осмоналиев 19-январда ээлеген кызматынан бошотулган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Жогорку соттун Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы болуп иштеп жүргөндө мамлекетке зыян келтирген чечимдерди кабыл алган. Ошондой эле ал көптөгөн юридикалык объектилерге ээ болгон, алардын наркы анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашыкча экендиги аныкталган.

«Тергөө учурунда Осмоналиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекеттин кирешесине 70 миллион сом ордун толтурган», — деп айтылат маалыматта.

Судья мамлекетке 44 миллион сом өлчөмүндө келтирген зыяндын калган суммасын 3 айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилди. Буга байланыштуу, 20-мартта Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ага карата сырт жака чыкпоо шарты менен тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1464