7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев: Жүк ташыган айдоочуларга ПЦР тесттин баасын 50% түшүрүү керек

850

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, кече 19-март «Дордой моторс» логистикалык борборуна барып, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолуккан.

Натыйжада, биринчи премьер-министр Артём Новиковко кайрылуу жолдоп, коңшу өлкөгө жер-жемиш, жашылча ташып жаткан айдоочулардын ПЦР тест тапшыруу төлөмүн 50%га арзандатып берүүнү сунуштады.

 

“Урматтуу Артём Эдуардович Новиков мырза, COVID 19 менен күрөшүү штабынын башчысы катары сизге кайрылып жатам. Казакстанга жер-жемиш, товар ташыган оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен атайын барып жолуктум, суранычын уктум, алар ар үч күн сайын ПЦР тесттин аныктамасы менен чек арадан өтүшөт. Бул албетте, коопсуздук үчүн Казакстандын да талабы. Бирок тынбай кошуна өлкөгө каттаган айдоочулар, ар үч күн сайын ПЦР анализ тапшырып, тапкан акчасынын көпчүлүк бөлүгү ПЦРге короп жатат. Ар үч күн сайын 1500 сомдон ашуун мам.лабораторияга, жеке менчикке барса 2000 сомдон ашуун коротуп жатышат. Казакстанга тынбай кирип чыккан айдоочуларга, мамлекеттик лабораториялардан жок дегенде 50% жеңилдик карап берсеңиздер деген сунуш. Сиз саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берип, маселени тез арада чечесиз деп ишенем”-деп жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

851