Бишкекте мыйзамсыз иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталып, 10нуна айып салынды . Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.
«Атайын комиссия Бишкек шаарында косметологиялык ишмердүүлүк жүргүзгөн лицензиясы бар жана өз алдынча ачылган 63 мекемени текшерди. Анын ичинен 27си мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды. Аталган мекемелерде мыйзамсыз айыктыруулар жана уруксаатсыз медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөр жасалары аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, бул мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык режим одоно бузулуп, медициналык таштандылар мыйзамга ылайык жок кылынбайт жана жалпы таштанды челекке ыргытылат. Кардарлардын жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору.
Жыйынтыгында мыйзамсыз иштеп жаткан 27 косметологиялык салондун 17си боюнча документтер укук коргоо органдарына берилип, 10 клиникага айып салынды.