7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун тазалоо иштери жүрүп жатат

260

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 13-январь күнү саат 23:00 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 60-чакырымынан 86-чакырымына чейин катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Унаа жолу бир тараптуу ачык. Кардын калындыгы 70см түзгөн.


Тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 бульдозер тартылган. Аталган унаа жол 14-январь күнү бир тараптуу ачылган. 20-январь күнү иш-чаралар улантылат.


Аталган унаа жол Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2020-жылдын 14-декабырындагы №44 буйругунун негизинде кечки саат 18:00дөн эрте мененки саат 08:00 чейин убактылуу жабылып, КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан унаа жолдун 22 жана 106-чакырымдарында пост уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

261