7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын: Келинине болуша койгон кайната өз уулунун колунан каза болду

1096

Өз атасын бычак менен сайып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы 7-каналга билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 7-июнь күнү саат болжол менен 14:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну 1975-жылы туулган К.Т. өзүнүн үйүнөн атасы 1951-жылы туулган К.Э. бычак менен сайып, денесине жаракат келтиргенин Нарын облустук ооруканасынан билдиришкен.

Окуя болгон жерге Нарын РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. Анда, ошол күнү саат 13:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну 1975-жылы туулган К.Т. эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кеткен. Келинине болуша кеткен атасын жүрөк тушунун ылдый тарабына бир жолу сайып жибергендиги аныкталган.

Натыйжада шектүүнүн атасы денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Бирок окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткени маалым болгон.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1097