УКМК Нарын шаарындагы мурда «Тулпар» АКнын балансында турган жалпы аянты 1,28 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.
1992-жылы КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен «Кыргызагростройтранс» бирикмесинин Нарын автобазасы менчиктин формасын өзгөртүү боюнча эмгек жамаатынан арыз түшпөгөндүгүнө карабастан «Тулпар» акционердик коому болуп кайра түзүлгөндүгү аныкталган.
Ошондой эле баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын аймактык өкүлчүлүгү салыктарды төлөбөгөндүгү, акцияларды эсепке алуунун жана каттоонун жоктугу, активдердин кыймылы жана коомдун директорлор кеңешинин алмашуусу жана башка ушундай көрүнүштөргө акционерлер тарабынан узак жылдар бою көңүл бурулбай келген.