7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында аялы менен күйөөсү унаада тоңуп каза болушту. Артында 5 баласы калды

12610

Нарында жубайлар газга ууланып унаада отурган бойдон каза болушту. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, унаадан табылган сөөктөр тууралуу маалымат милицияга 20-декабрда келип түшкөн.

Чакыруу болгон жерге барган ыкчам кызматкерлер Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынан токтоп турган Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны табышкан, анын ичинде 38 жана 39 жаштагы эркек жана аялдын сөөгү табылган.  Алар жубайлар болгон.

Алдын ала кароодо маркумдар тоңуп каза болгону аныкталган, сөөктөрдө зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Учурда керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда, жубайлар газга ууланышкан. Алардын артында беш баласы калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12611