Бүгүн Нарын шаарында заманбап, эки кабаттуу балдарга арналган көңүл ачуучу борбордун курулуш иштери расмий түрдө башталды. Курулушка стартты Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев берип, жеринде таанышып чыкты.
Бул ири социалдык объект Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде курулууда. Курулуш иштерин Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.
Комплекстин жалпы аянты — 1 500 чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары, анын айланасында балдар үчүн 4 чоң оюн аянтчасы курулат. Алардын жалпы аянты — 2 500 м²:
• 1-кабатта: оюн зонасы, гардероб жана дүкөн жайгашат (750 м²);
• 2-кабатта: фудкорт, кошумча оюн бөлмөлөрү жана администрациялык кеңселер болот (750 м²).
Каныбек Туманбаев белгилегендей, мындай көңүл ачуучу борборлор балдардын сергек жашоосу, социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана эс алуусу үчүн маанилүү шарттарды түзөт. Ал өз сөзүндө сапат — эң башкы талап экенин эскертти:
«Бул борбор эл үчүн курулуп жатат. Кеминде 50 жыл кызмат кыла тургандай сапатта болушу шарт. Эгер кемчилик кетсе, эл эң оболу подрядчыдан сурайт. Ошондуктан сапат үчүн жоопкерчилик ар бир кадамда болушу керек», — деди ал.
Ошондой эле, борбордун айланасын көрктөндүрүүдө газондун ордуна көп жылдык гүлдөрдү отургузуу сунушталды.
«Газонду чапкан сайын өзү эле таштанды чыгарат. Чөптөр кургайт, чаң чыгат. Коомдук жайда аны тынымсыз кароо кыйын. Көп жылдык гүлдөрдү эксек, узак убакытка чейин өз көркүн сактап турат», — деп белгиледи Туманбаев.
Президенттин тапшырмасына ылайык, ар бир курулуш объектиси узак мөөнөткө, сапатка жана элге ыңгайлуулукка негизделип бүткөрүлүшү керектиги баса белгиленди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram