7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында медайым антисептик сайып алган келиндин жолдошу: Жубайым өз алдынча тамак ичип, бала эмизип калды

9824

Буга чейин Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге шприцтерди алмаштырып, антисептик сайып алганы маалым болгон. Жолдошу 7-каналга келин төрөт үйүнө 39 жумалык кош бойлуу кезинде барганын, кесарево операциясы пландаштырылганын, 23-мартта медайым цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайганын айткан. Келинге саат 12:30да кесарево операциясы жасалып, 3кг 500гр салмактагы дени сак кыз төрөлгөн.

Анын жолдошу менен байланышканыбызда, келиндин абалы жакшырганы маалым болду. Анын айтымында, дарыгерлер келинди жандандыруу бөлүмүнөн палатага которушкан. «Абалы жакшы, өз алдынча тамак ичип, сүйлөп, баланы эмизип калды. Дарыгерлер келинчегимди жакшы карап жатышат»,- деди жолдошу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9825