Нарында сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, 5-майда саат 04:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен арыктарга суулар батпай Ленин көчөсүндө 1 турак үйдүн короосун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМнин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.