7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындагы «Куланак» ГЭСи 2026-жылы ишке берилет

333

Нарын облусунда курулуп жаткан кубаттуулугу 100 МВт болгон «Куланак» ГЭСи 2026-жылы ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

ГЭС Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым ылдый жагында жайгашат.

Аталган ГЭС жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейинки экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрөрү айтылды.

Учурда ГЭСтин курулушуна 600дөн ашуун куруучу тартылган. Алардын ыңгайлуу жашоосу үчүн керектүү шарттар менен жабдылган вахталык шаарча салынган.

334