7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

НАСА Марстагы жашоону бир жылдык эксперимент менен сынайт

260

НАСА октябрь айында Марста жашоо шартын текшерүү үчүн атайын эксперимент жайсайт. Бул тууралуу Риа Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 4 ыктыярчы астронавт 3D-принтер менен жасалган үйдө бир жыл жашап көрүшөт. Алар ресурстар чектелген, байланыш кечигип турган, техникалык бузулуулар болгон жана обочолонгон шартта иштеп жашоого көнүшү керек болот.

Алар “Марстагы сейилдөөлөрдү” туурап чыгышат, жашылча өстүрүшөт, илимий иштерди жана башка тапшырмаларды аткарышат. Бул эксперимент НАСА уюмуна узак мөөнөттүү космос сапарларынын адамдын ден-соолугуна жана психологиясына кандай таасир этерин түшүнүүгө жардам берет.

Миссия 2025-жылдын 19-октябрында башталып, 2026-жылдын 31-октябрында аяктайт. АКШ өкмөтү 2030-жылдардын башында адамдарды чыныгы Марс экспедициясына жиберүүнү пландоодо.

261