7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Назгүл Турдубекова: Балдардын денелик дагы, психологиялык да ден соолугу баарыбыз үчүн ыйык болууга тийиш

583

Баланын укугун коргоочулар лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова: 1-июнду Балдарды коргоо эл аралык күнү деп белгилөөнү 1949-жылы Париждеги Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясы сунуштап, алгач ал 1950-жылы белгиленген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көптөгөн бала жетим жана үйсүз калгандыктан, алар жөнүндө дүйнө жүзү боюнча кам көрүш керек болгон. Жетимиш беш жыл өтсө дагы, азыр да балдардын укугу дүйнөнүн ар башка булуң-бурчунда эмгиче бузулуп келет жана маселе толук чечилди деп айтуу дагы да эрте.

Бириккен улуттардын Балдардын укугун коргоо конвенциясына Кыргызстан 1994-жылы кошулган. Акыркы мезгилде балдарга каршы зомбулук факттары көп чыга баштады жана абалды жөнгө салуу үчүн көптөгөн аракет көрүү зарыл, эң биринчи кезекте ата-энелер менен ар быр айыл өкмөтүндө тушүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Балдар – биздин келечегибиз жана алардын денелик дагы, психологиялык да ден соолугу баарыбыз үчүн ыйык болууга тийиш.

584