2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү театр жана кино актеру Акматов Абдыкалык 71 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Абдыкалык Акматов 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган.
Алгачкы чыгармачылык чыйырын 1975-жылы Ош облустук С. Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү кесибинен баштаган. 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук Кинематография институтунун актердук чеберчилик факультетин аяктап, кино актер адистигине ээ болгон. Аталган институтту ийгиликтүү бүтүргөн соң, бүтүндөй өмүрүн киного жана сахнага, жалпы эле чыгармачылыкка арнаган.
А. Акматовдун кинодо жараткан жаркын эмгектери:
- «Ак илбирстин тукуму» –Кожожаштын досу, «Кайчылаш жолдор» – Дөөлөс, «Кербез» – Токтогул Сатылганов ж.б.
- Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театрында:«Талант жана тагдыр» спектаклинде – казак режиссерунун, «Боз Бойдок» спектаклинде – ортомчунун, «Чыңгыз жана Бүбүсара»спектаклинде – А. Үсөновдун ролун ж.б. ойногон.
- М. Жангазиев атындагы куурчак театрында: «Найман эне» спектаклинде Кербен жана Вазирдин, «Ишенимдүү дос»спектаклинде аюунун, «Мен да күйөөгө чыккым келет» спектаклинде министрдин орун басарынын жана башка ролдору менен эсибизде калды.
- Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында: «Манастын уулу Семетей» спектаклинде Бакайдын, «Абийир кечирбейт» спектаклинде Омордун, «Коркут Атада» Коркуттун ролун жана башка ролдорду ойногон.
Көп кырдуу талант ээси А. Акматов театрдын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп, көп жылдан бери талбай эмгектенип келди.
А. Акматовдун маданият жана искусство тармагында жасаган эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Ага «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти», «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамдары ыйгарылган.
Маданият жана искусствого, өзгөчө кино тармагына бүтүндөй өмүрүн арнап, өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү актер Абдыкалык Акматовдун жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият жана искусство күйөрмандарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.
Маркумдун жакындарына, бир туугандарына үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Э.Ж. Байсалов, Ч.А. Абыкеев, Ы.Ы. Атажанов, М.К. Мамбеталиев, А.Б. Кенжебаев, Д.Т. Шейшеканов, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, Ж.О. Кулмамбетов, Т.Т. Казаков, Б.К. Одуракаев, А.А. Суюндуков А.А., Н. Турсунбаев, К. Сейдалиева, Н. Мамбетова, Г. Каниметова, Ч. Думанаев, Т. Актанов, Э. Бекболиев, Ш. Кыдырмаев, А. Сыдыгалива, А. Назаралиева, А. Набиева, Э.Б. Чалабаев, А. Исаков, Ж. Эркинбаев, М. Мамазаирова, К.О. Иманалиев, К.А. Осмонов, А.А. Өзүбеков, М.А. Бегалиев, А.А. Кубат, А.К. Мураталиев, С. Сагынбаев, Т.А. Кулмендеев, Л.В. Анникова, Л. Любомудрова, А.И. Алыбаев, Р.Б. Ставриди, Н. Талантбеков ж.б.



