7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нелегал: 12 чет элдик жаран мыйзамсыз иш орун менен камсыздалышкан

263

Бишкек шаарынын ЭЭА аймагында «Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чет элдиктер Кыргызстандын аймагында туристтик визанын негизинде жүргөндүгү жана мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзгөндүгү такталды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарга 431-берененин 1-бөлүмү үчүн 66 000 сом айып пул салынган.

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз тарткан юридикалык жактарга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси (КРда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) 65 000 сом өлчөмүндө айып салынган.

264