7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Невролог: смартфондун кесепетенен «пингвин синдромуна» кабылгандар көп

704

Смартфондор адамдын физиологиясын бузуп, дененин көркүн кетирет. Бул тууралуу невролог Анна Воронина РИА Новости агенттигине билдирди.

«Азыр адамдар мүмкүнчүлүк пайда болору менен смартфонго тигилет. Бир жерге жөлөнүп, башты алдыга созуп, кабакты бүркөп, курсакты чыгарып бир нече саат бою отура берүүгө дагы даяр. Буга булчуңдар көнүп, бүкүрөйүп, курсак чыгып, далы жабышып, ички органдар кысылып калат. Аялдар үчүн эң кооптуусу — денеге көрк берип, койкоюп турган көкүрөк ары кирип, эркектикинен айырмаланбай калат», — деди Воронина.

Мындан улам адис учурда «пингвин синдромуна» кабылгандар көп экенин айтат.

«Азыр көпчүлүк сүрөттөрдү карасаңар, анда адамдардын басымдуу бөлүгүнүн дене түзүлүшү кадимки пингвиндикине окшоп калган. Бул смартфонду ыгы жок көп колдонуунун кесепети. Мунун айынан көкүрөк кыймылсыз катып калып, көп күч белге келет. Ошол себептүү азыр бели ооругандар абдан көп», — деди адис.

Эскерте кетсек, невролог смартфонду туура пайдаланып, мүмкүнчүлүк болору менен кыймылдап турууну сунуштады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705