7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды (ФОТО)

712

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу К.Т.А. кармалган.

17-октябрда кармалган жаран Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713