18-октябрдан 19-октябрга караган түнү Төө-Ашууда кар калың жаагандыктан тыгын пайда болуп, жүргүнчүлөр 4 сааттан ашуун жолдо калып калган. Бул тууралуу 7-каналдын кабарчысы жеринен билдирди.
Түнкү саат 20:30 чамасынан баштап, саат 1ге чейин жер тайгалак болгондугуна байланыштуу жана унаалардын дөңгөлөктөрү алмаштырылбаганынын кесепетинен тыгын пайда болуп, унаалар ордунан жыла албай калышкан. Жеринде бир гана камаз жолго кум сееп жетишпей калгандыгы айтылат.
Милиция аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды Бишкек-Ош автожолдорунда жол эрежесин сактоого жана жайкы дөңгөлөк менен жолго чыкпоого чакырат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram