7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

512

Аба ырайы турукташканга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда Кубакы ашуусунун айланасындагы жолдордо жааган кардын калыңдыгынан бардык унаалардын кыймылына чектөө киргизилип, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду. Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына дагы чектөөлөр алына элек.

Аталган ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

“Жогоруда көрсөтүлгөн ашуулар аркылуу каттамдагы айдоочуларды унаанын дөңгөлөгүнө тагылчу чынжырды алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр коопсуз аралыкты сактоого чакырабыз”, — деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513