7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери дүйнөдөн кайтты

607

Бүгүн, 30-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районунда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Карабай Бозорбоев 99 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Карабай Бозорбоев 1925-жылдын 20-майында Ноокат районунун Чапаев айылында туулган. 18 жаш курагында 1943-жылы согушка аттанып, Ленинград шаарында согушта болгон. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган. Согуш мезгилинде алган жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган.

1948-жылы согуш аяктагандан кийин аман-эсен кайтып келгенден кийин Чапаев колхозунда эмгектенип, пенсия жашына чейин элге кызмат кылган. Өмүрлүк жолдошу Вазипа Бозорбоева менен биргеликте 4 уул, 2 кызга татыктуу тарбия беришкен. Азыр анын артында 4 уул, 2 кызы, 20 небереси, 70 чөбөрөсү, 4 кыбырасы калды.

Маркумдун балдарына, неберелерине, чеберелерине, кыбыраларына жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын бөлүшөбүз. Карабай аксакалдын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

 

608