7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокендеги көмүр кенин жабуу талабы менен тургундар акцияга чыгышты

595

Ноокендеги көмүр кенин жабуу талабы менен тургундар акцияга чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Шынсай-2 участогунда көмүр казуу иштерин алып барган 3 компаниянын ишин токтотуусун талап кылган жергиликтүү тургундар кенге чогулушкан.

Жергиликтүүлөр кенде өндүрүш жанданып, экологияга зыян келип жатканын айтышат. Эгер казуу иштери токтобосо, жакынкы жылдары бийик тоо айылды басып калышы ыктымалдыгын эскертишет. Кен аймагы Кочкор-Ата токой чарбасынын карамагында жер болуп саналат. Чогулгандар менен ишкана жетекчиси жолугуп, тараптар жыйынтыкка келе алышкан жок. Чогулгандар элге зыяны көп, пайдасы тийбеген кенди жабуу талабы менен УКМК төрагасы К.Ташиевге жана Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.


«Бул жерде лицензия алган 3 фирма катарынан иштейт. Алар “Наке”, “Азимут+Ж” жана “Мирико” жоопкерчилиги чектелген коомдору. Экотехинспекция да былтыр жай айларында текшерүү жүргузүп, бир компанияга 247 миң сомдук айып пул салган», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596