7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызганычтан улам… Ноокенде колу-буту жип менен байланган абалда жансыз дене табылган

887

Милиция Ноокендеги өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 15:00 чамасында  35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси тууралуу милицияга кабар келип түшкөн. Жансыз дене Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кең-Сай айылына баруучу автоунаа жол менен Бишкек-Ош автоунаа жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинде болгон.

Бул маалымат боюнча материалдар чогултулуп, кароо жүргүзүү учурунда, табылган өлүктүн денесинде киши колдуу болгон жаракаттары бар, колдору жана буттары жип менен байланган абалда экендиги аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында табылган өлүк Өзбекстандын Наманган областынын 38 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектүү катары Шамалдысай шаарчасынын тургундары 1987-ж.т. Н.С., Т.Н., К.И., 1991-ж.т. К.А. жана Ноокен районунун тургуну 1993-ж.т. А.Н. тергөөгө камсыздалган. Ошондой эле бул кылмыш окуя кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучуга карата мыкаачылык мамиле жасалып денесине оор жараттарды келтиргендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилУчурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

888