7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новиков: Салык кызматы ККМ маселесин чечүүгө шашылбай жатат

258

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков ишкерлер үчүн «Альфа Телеком» ЖАК тарабынан иштелип чыккан алгачкы виртуалдык ККМ ишке киргизилиши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Талкуу жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Шатемиров салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун ишке киргизүү алкагында контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) ишин модернизациялоо жөнүндө айтып берди.


«Бизде патентке ээ болгон 100 миңден ашуун ишкерлер, он миңдеген жеке ишкерлер бар, ошол эле учурда болгону 17 миң ККМ бар. Бул расмий катталган жактар, ал эми көмүскө тарап тууралуу кеп кылган жокпуз. Салык кызматы ченемдик-укуктук бөлүгү боюнча иш алып барууда, бирок анда калк менен эсептешүүдө канча обьект ККМ пайдалана баштоосу керектиги боюнча талдоосу жок. Мага белгилүү болгондой, соода борборлорунун жана базарлардын жетекчилери өз ижарачыларын ККМ өткөзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр. Бирок Салык кызматы маселени чечүүгө шашылбай жатат. Биз бул маселени тез арада чечүүбүз керек, ошол эле учурда ККМ бизнес үчүн жеткиликтүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыздобуз керек. ККМ монополиясы жоюлушу керек», — деп белгиледи Артём Новиков.


Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков белгилегендей, киргизилип жаткан жаңычылдыктарга карабастан, программалык ККМ ишке ашыруу мөөнөтү кечиктирилүүдө. Бирок бүгүнкү күндө биздин компаниялар рынокко чыгууга даяр.
«Альфа Телеком» ЖАК жетекчилиги алгачкы виртуалдык ККМ ишке киргизилиши тууралуу расмий жарыялады жана программалык ККМ боюнча өздүк бетачарын өткөрдү. Анын артыкчылыгы катары Интернетке жеткиликтүүлүгү бар каалаган уюлдук түзүлүштө, же жеке компьютерде пайдалануу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Учурда «Альфа Телеком» ЖАК рынокко чыгууга даяр. Жакынкы айларда тиркеме көчүрүп алуу жана тейлөө үчүн акысыз жеткиликтүү болот. Келечекте ар айлык абоненттик төлөмдүн деңгээли стационардык ККМ учурдагы тарифинен бир кыйла төмөн болот.


«Биз аталган багыттын ишкерлер үчүн гана эмес, мамлекет үчүн да чоң мүмкүнчүлүгүн көрүп турабыз. Жалпысынан алганда бул келечектүү багыт. Жакынкы келечекте биз дем берүүчү акцияларга катышусу үчүн чектерди сатып алуучулардын жеке кабинетинде сактоого мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук сервисти иштеп чыгабыз», — деди башкы директор Акылбек Жамангулов.


Маалыматты уккан соң, Артем Новиков рынокто ККМ жаңы программалык чечимдерин тез арада ишке киргизүү зарылдыгын, натыйжада бизнеске жүктөм кескин төмөндөп, экономиканын көмүскөдөн чыгуусун шарттай тургандыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

259