7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нургазы Анаркулов: «Чек ара чырында иним танканын ичинде тирүүлөй күйүп кетти»

1016

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан каза болгон жоокерлерди бүгүн эскерип, алардын портреттери Улуттук тарых музейине коюлду.
Каза болгон жоокерлердин ичинде Нургазы Анаркуловдун ини Санжарбек Анаркулов дагы болгон. Маркум танкачы болуп эмгектенген.

“Үйлөнгөнүнө бир эле ай болгон. Акыркы жолу чалганда “Баткендеги танкаларды оңдоп башка жака барам, акыркы танканы оңдоп бүтүп калдым”,- деп көрсөткөн. Душмандар келгенде жергиликтүү жашоочуларды, жоокерлерди чыгып кеткиле мен тосуп турайын деп душмандарды кубалаган. Артында туяк калбай калды. Тирүүлөй күйүп кеткен 3 жоокердин ичинде ал дагы болгон. Сөөктөрү дагы жок, шейит кетишти. Өлкө башчысына, Камчыбек Ташиевге ыраазчылык айтам, анткени Ата-Бейитке 3 баатырдын сөөгүн берип , жаназа окутулду. Биздин балдар мекен үчүн жанын берди”,-деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1017