
Нурлан Мотуевдин жазасы бир жылга кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун 3-февралдагы чечими менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 23-августундагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы Нурлан Мотуевге карата өкүмү өзгөртүлдү.
«Кылмыш-Жаза кодексинин 59-беренесинин «1997-жылдын 1-октябрындагы мыйзамына ылайык, берилген жазаларды жарым-жартылай кошуу менен акыркы үч жылда мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратуу менен 6 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылды. Калган сот актылары өзгөртүүсүз калтырылды», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, коомдук ишмер Нурлан Мотуев 2016-жылы 12-майда “согуштук аракеттерге үндөгөн” деген шек менен камакка алынган. Мотуевдин ишин Свердлов райондук соту 2016-жылдын 23-август күнү карап, анда ал “көпчүлүк алдында террорчулук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулукту актоо” жана “улуттук, расалык, диний, аймак аралык кастыкты козутуу” боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.
Кийин 2018-жылы келип кол коюп туруу келишимине ылайык, эркиндикке чыккан.