7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев Беларустун элчиси Сергей Молуновду кабыл алды

131

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновду кабыл алды.

Алгач Төрага Сергей Молуновду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Тажрыйбалуу дипломат катары эки өлкөнүн алакасын чыңдоого өз салымыңызды кошуп, байланыштарыбызды жаңы деңгээлге чыгарасыз деген ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынып, Төрага Нурланбек Шакиев эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелерге токтолду.

“Биз өнөктөш өлкө катары бардык тармактар боюнча кызматташып келебиз. Анын ичинен акыркы жылдары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарыбыз жигердүү өнүгүүдө. Кыргызстан калыптанган алакаларды арттырып, айрыкча өндүрүштүк багытта тажрыйба алмашууга кызыкдар. Бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди Төрага.

Муну менен катар кечээ эле өткөрүлгөн Кыргыз-Беларусь Өкмөттөр аралык комиссиясынын отумунун ишине жогору баасын берген Нурланбек Шакиев аталган жолугушуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүүгө көмөкчү болоруна ишенерин билдирди.

Мындан тышкары, парламенттер аралык кызматташтык да жигердүү өнүгүп жатканын айткан Төрага мамлекеттер ортосундагы келишимдерди мыйзамдык жактан колдоода парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Сергей Молунов жылуу кабыл алганы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында айтылган сунуш-пикирлер боюнча жигердүү иш алып барарын убада кылды.

“Азыркы тапта Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинен Кыргызстан дүйнөнүн көңүл чордонунда турууда. Өзгөчө өлкөңүздөрдөгү жаңыланууларга жана жетишкендиктерге башка мамлекеттер кызыгуу менен байкоо салууда. Биз негизги өнөктөш өлкө катары бардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз жана жеке мен элчи катары алакаларды арттыруу багытында алгылыктуу иштерди алып барууга даярмын”, – деген Сергей Молунов жасай турган иштериндеги артыкчылыктуу тармактарга токтолду.

 

132