Бишкекте 18 жаштагы жигит жаңы салынып жаткан үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден кабарлады.
Окуя 27-ноябрь күнү болгон. Бала курулушта иштеп жүргөн. Кайсы курулуш компаниясынын имараты экени азырынча белгисиз.
Тийиштүү экспертизалар дайындалып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.