7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Он жети карагай… Нарк куржундан

119

Садыр аке тууралуу маалымат дээрлик жетиштүү. Урпактары тың чыгып, кагазга түшүрүп, элдин кенчине айланды.

Деги эле Жети акебиздин ар бирин өзүнчө жазсак жетимиш том да чак келбечүдөй. Мен, тек гана, УЧУРУБУЗ уга турган, журт уюткан таасири күч, калк аралаган Нарк – насилге айланган керемет кептеринин түз тиер жерин тартуулап жатам…

Окуя…

(«Солто элдин тогу,

Саяк элдин шогу,

Сарбагыш менен Бугунун барынан жогу…» деп, элге кеңири жайылган кептин түйүнү…)

Балыкчыда, Көлдүн түштүк батышында, айтылуу Кызыл Сазда курултайлар, топтор, жыйындар өтүп турчу экен. Мына ошо жерде бекерпоз, ээрчий келип эриккен, шылуун манаптардын киричмеге кызыган жигиттери, береги Саяк, Сарбагыш, Солто, Бугунун кимиси мыкты?!, деген чыр чыгып, ЧЫЛБЫР КЫРКЫШААРГА жетип калганын байкаган Кыдыр аке баарын ээрчитип келип, «Айла табыңыз Садыр ава, алаксытып ӨЗҮҢҮЗГӨ келген жокпуз, адаштырбас СӨЗҮҢҮЗГӨ келдик, булардын тартышкан «оорусуна» ДЕМЧИ болуп, доосуна ЭЛЧИ болуп бериңиз!» дейт.

Талаштын чоо – жайын уккандан кийин САДЫР Аке: «Ии, чечсе чечип берейин, Саяк элдин шогу, Солто элдин тогу! Кылжырдын эки баласы, Сарбагыш менен Бугунун барынан жогу!» деген экен.

Мындай жоопту күтпөгөн көпкөн немелер, чакырып алып тумшукка жеген иттей болушат. Арасынан бирөөсү демитип, аягына чыгарыңыз дегенде, САДЫР Аке: «Солто элдин тогу дегеним, ЖИГИТИ ЖИЛИК АЛБАЙ, КЕЛИНИ АДЕБИНЕН ЖАНБАЙ, КАРЫСЫ КАРАП ТУРБАЙ, САРЫ ӨЗӨН ЧҮЙДҮ ЖЕРДЕП, БАБА – ДЫЙКАН МАҢДАЙЫ ТЕРДЕП, САЙ – САЙГА САЛЫП ТЕГИРМЕН,

САРАЛА КӨМӨЧ КЕМИРГЕН

Солто элдин тогу эмей эмне?!…

Саяк болсо чоң чабышта жарымы Сарбагышка, жарымы Бугуга болушуп, эр мүнөз Эркеги көп, энөө чалыш тентеги көп, ортодо Каранын каны Ормонду өлтүрүп тынышты. Бул шоктук эмей эмне?!…

Кылжырдын эки баласы эзелтен чабышып келе жатышат, ортодо жараша калып, ЖАЛАШКАНЫ ТУЗ, кагыша кетип ТАЛАШКАНЫ КЫЗ. Элдин эсин эки кылып бүтүрүштү. Анан барынан жогу эмей эмне?!»… дегенде, демиткендер Дудукту ит талагандай болуп өчкөн экен.

Кайран гана КӨСӨМ!!!!

«Укканыбыз илгери болбойт жалган,

Бак тигип Садыр аке тамды салган.

ОН ЖЕТИ ЗЫМ КАРАГАЙ ОРНОТУЛУП,

Садырга сөз байланыш ЗЫМЫ барган,

Ошондуктан бул айылды саяк эли,

ОН ЖЕТИ КАРАГАЙ деп атап калган. (Он жети карагай Кожояр делет) (Санжырачы Молдакмат Кулумбай уулу, Садыр аке ырынан үзүндү)

Садыр аке өз заманында учурдун чегин чечип, араздашкан урууларды жараштырып, баарын уютуп шурудай тизип, элим деп ЭЭРДЕН түшпөй жашап өткөн экен…

120