7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев Катардын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

129

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланды.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини Кыргызстанга элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

“Сиздин өмүр баяныңыз менен таанышып жатып, дипломатиялык иштин анык чебери экениңизди байкадым. Андыктан, кыргыз-катар мамилесин бекемдөөгө өз салымыңызды кошосуз деген терең ишеничтемин”, – деди Төрага.

Ошондой эле эки мамлекет ортосундагы алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканына токтолгон Нурланбек Шакиев: “Өткөн жылы араб өлкөлөрүнөн алгачкылардан болуп Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, байланыштардын жаңы барагы ачылды. Анда бир катар маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, өнөктөштү өрчүтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлду”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү жолдордун бири саналган парламенттер аралык байланыштарды да арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, Катардын Аш-Шура Межлисининин (парламент) Төрагасына элчи аркылуу дубай салам жолдоо менен Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушууда соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү тууралуу да сөз болуп: “Эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң. Биз экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтип, соода байланышын эселеп жакшыртышыбыз керек. Бул үчүн Бишкек-Доха аба каттамын тез арада ачуу зарыл. Себеби, азыркы көз караш менен алганда түз аба каттамы бардык мамлекеттер аралык кызматташтыкты, анын ичинен жарандар ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан сырткары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө да кеп кылган Төрага акыркы жылдары Катар мамлекетинен келген меймандар көбөйгөнүн, эгер аба каттамы ачылса алардын саны дагы жогорулап, достук мамиле чыңдаларын кошумчалады. Ошондой эле Кыргыз-Катар инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстандын энергетика, туризм, тоо-кен жана айыл чарба сыяктуу приоритеттүү тармактарына инвестиция салуу маселелерине токтолду.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, айтылган ар бир сунуш боюнча тийиштүү иштерди алып барарын белгиледи.

“Катар Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар. Алакаларды арттыруу жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Мен элчи катары эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосунда тыгыз байланышты камсыздап, парламенттер аралык алакаларды да кеңейтүү жаатында иш алып барууга даярмын” – деген элчи Катардын Аш-Шура Межлисининин (парламент) Төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганимдин жолдогон саламын жеткирди.

Муну менен катар дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу кеңири сөз кылды.

 

130