Финансы министрлиги тарабынан 2024-жылдын он айына карата Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине бөлүнгөн каражаттар.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин 2024-жылга такталган бюджети 17 716,7 млн. сом суммасында белгиленген.
Алардын ичинен:
– бюджеттик каражаттар — 5 879,1 млн. сом;
— атайын эсептин каражаттары -468,1 млн. сом;
— программалык инвестициялардын суммасы — 9 404,5 млн. сом;
– «капиталдык салымдар» беренеси боюнча — 1 965,0 млн.сом.
Жалпысынан 2024-жылдын 31-октябрына карата 6 881,4 млн.сом каржыланган.
Суу ресурстары кызматына:
Суу ресурстары кызматынын 2024-жылга такталган бюджети 9 109,6 млн. сом суммасында белгиленген.
Алардын ичинен:
- бюджеттик каражаттар үчүн — 3 706,8 млн. сом;
- атайын эсептин каражаттары — 191,1 млн. сом;
- мамлекеттик инвестициялардын каражаттары — 9 127,5 млн. сом;
- «капиталдык салымдар» беренеси боюнча — 1 965,0 млн. сом;
- 2024 – жылдын 31-октябрына карата — 5 046,2 млн. сом каржыланган.
- 2024-жылга суу ресурстары кызматынын балансында турган мамлекеттик объекттерде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 1,0 млрд. сом өлчөмүндө каражат бөлүү каралган, анын ичинен 770,5 млн. сом каржыланган.
Бул каражатка чарбалар аралык каналдарды оңдоо, бетондоо жана механикалаштырылган тазалоо иштери уюштурулду. Алар узундугу 561,4 км каналдарды, 567 гидротехникалык курулуштарды, 218 гидрометрдик постторду, 115 насостук станцияларды, 216 насостук агрегаттарды оңдоо, 23 насостук агрегаттарды алмаштыруу жана 10 топтоочу курулуштарды тазалоо (суткалык 4 бассейн жана 3 декадалык жөнгө салуу, 3 суу сактагыч), 103,5 км коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, Чүй облусу боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иштерине республикалык бюджеттен 350,0 млн.сом бөлүнгөн, анын ичинен 171,9 млн. сом каржыланган.
Бул каражатка төмөнкү иштер аткарылды:
1. Панфилов районундагы «Агермень» суу сактагычын механикалык тазалоо 60% аткарылып, 2024-жылдын сугат мезгилине толгондугуна байланыштуу тазалоо иштери токтотулду. Пландаштырылган тазалоо иштери 2024-жылдын 4-кварталында улантылат жана 2025-жылдын ирригациялык мезгилине чейин толугу менен бүткөрүлөт;
2. Москва районундагы декадалык-жөнгө салуучу «Макачи» жана «Малтабар» бассейндерин механикалык тазалоо иштери аткарылды. 2024-жылдын сугат сезонуна карата «Малтабар» бассейинин тазалоо иштери токтотулган.
3. Ысык-Ата районундагы «Рассвет» каналын реконструкциялоо, бетондоо боюнча иштер аткарылды;
4. Аламүдүн районундагы «Нижняя Ала-Арча» дамбасын бекемдөө иштери жүргүзүлдү;
5. Ысык-Ата районунда декадалык-жөнгө салуучу «1-Май»бассейинин механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
2024-жылдын сугат мезгилине даярдыктын план-графигине ылайык мамлекеттик суу чарба объекттерин оңдоо жана механикалаштырып тазалоо боюнча негизги иштер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2024-жылдын 1-апрелинде, Чүй жана Талас облустарында 2024-жылдын 1-майында, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 10-майда бүткөрүлгөн. Азыркы учурда сугат суусу суу пайдалануучулардын табыштамасына ылайык берилет.
Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен долбоордук иштер 14 объектиде, курулуш иштери 10 объектиде аткарылган.
1. Лейлек районунун Максат айылылындагы дюкерди куруу;
2. Чоң-Алай районундагы Шибе-Жекенди каналын жана 2 — лот боюнча Каратейит каналын куруу;
3. Аксы районунун Ак-Терек каналынын курулушу;
4. Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагында «Каримберди» каналын куруу; (Курулуш иштери 2023-жылдын октябрь айынан тарта башталган)
5. Нарын районунун Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугаруу. (Курулуш иштери 2023-жылдын октябрь айынан тарта башталган)
6. Баткен районунун Чарбак айылына суу түтүктөрүн орнотуу;
7. Ат-Башы районунун Кара — Суу айыл аймагындагы «Шамбет» каналын куруу;
8. Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы «Байменде» каналын куруу;
9. Ак-Кудук айыл аймагынын «Ак-Суу» ички чарбалык каналын калыбына келтирүү;
10. Нарын,Ош жана Жалал-Абад облустарында скважиналарды калыбына келтирүү.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык кызмат
Ветеринардык кызматына:
2024-жылга карата такталган бюджети 1 299,3 млн.сом суммасында белгиленген.
Алардын ичинен:
- бюджеттик каражаттарга 1 110,8 млн. сом;
- атайын эсептин каражаттары 188,5 млн. сом;
- 10 айдын жыйынтыгы боюнча анын ичинен 813,3 млн.сом каржыланган.
Каражаттар айыл чарба жаныбарларынын түрлөрүнүн жугуштуу ооруларынын пайда болушун жана кеңири масштабда таралышын болтурбоого, анын ичинде 2024-жылы 966,4 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүү каралган.
- эпизоотияга каршы вакциналарды сатып алууга 102,3 млн. сом;
- Ветеринардык диагностика борборуна 254,4 млн. сом;
- жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларга (бирка) 30,0 млн.сом.