7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

327

Бүгүн «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Жогорку Кеңештин имаратында көчмө тестирлөө акциясын уюштурду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан акциянын жүрүшү менен таанышты.

Шакиев негизги мыйзам чыгаруу органында эмгектенген бардык кызматкерлер мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билиши керектигин белгиледи.

«Өткөн жылы депутаттар конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алганбыз. Андыктан, аталган мыйзамдын талаптарын бекем сактап, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү ишинде кыргыз тилин кеңири колдонушубуз керек. Бул үчүн кызматкерлер мамлекеттик тилди толук билиши зарыл», – деди ал.

Муну менен катар өнүккөн технологиянын өзгөчөлүктөрүн эске алып, тестирлөөдө заманбап ыкмаларды колдонуу зарылчылыгына токтолгон төрага өзү да тест тапшырып, С1 деңгээлиндеги тестирлөөдөн эң жогорку балл алды.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев жыл башында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеге барып, заманбап компьютерлерди жана маалымат иштетүүчү кубаттуу серверди белек кылган.

Андагы жолугушууда аймактардагы мамлекеттик-муниципалдык мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди жеринде тест тапшыртуу үчүн адистерди жана жабдууларды ташууга кичи автобус унаасы керектиги айтылган.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе да маанилүү экенин белгилеп, көп өтпөй “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырган.

 

328