7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө «Ата-Бейитке» гүл койду

685

Бүгүн, 7-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Алгач 1916-жылдагы коогалуу Үркүндө курман болгондорду эскерүү мемориалына гүл чамбар коюп, таазим этти.

Андан тышкары 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарынын жана улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун эстелик-мемориалдарына да гүл чамбар коюлуп, бабалардын арбагына багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2017-жылы негизделген. Буга байланыштуу жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын өмүр жолу эскерилип, элесине таазим этүү менен байланышкан иш-чаралар улуттук жана жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүп келет.

Бүгүнкү Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн эскерүү иш-чараларына Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Адылбек Касымалиев менен Эдил Байсалов баштаган жетекчилер да катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686