7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нуржигит Кадырбеков Эл аралык «Түрксой» уюмунун башкы катчысын кабыл алды

398

Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Нуржигит Кадырбеков Эл аралык «ТҮРКСОЙ» түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстанда бир катар иш-чараларды өткөрүүнү караган 2021-жылга карата Иш-чаралар планын талкуулашты.Талкуу учурунда, опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы, кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы, жазуучу, котормочу Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгы сыяктуу мааракелик иш- чараларга маани берилди.

Өз кезегинде министр театрлардын жетекчилиги жогорудагы даталарды өткөрүүгө көмөктөшүүгө жана катышууга толук даяр экендигин билдирди.Министр ошондой эле мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

399