Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору КРнын Улуттук банкынын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн өлчөмүн 2021- жана 2022-жылдарга 70%дан 90%га чейин көбөйтүү жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында иштелип чыккан.
“Маселелен, 2021-жылы Улуттук банктын таза кирешеси 9 млрд 192 млн сом болсо, анын 70%ы республикалык бюджетке которулуп, тагыраагы 6 млрд 300 млн сом чегерилген. Эми 90% которулса, 8 млрд 100 млн сомдой каражат бюджетке түшөт”, – деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары Жеңиш Нурбек.
Талкуу маалында өлкөдөгү валюталык рынокко тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, депутат Нуржигит Кадырбеков валюталык спекуляцияга жол берилбеши керектигине токтолду.
Өз кезегинде Жеңиш Нурбек Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана 400дөн ашуун микрокредиттик компания бар экенин маалымдады.
Муну менен катар доллардын куну төмөндөгөнүнө карабай, базардагы баалар төмөндөбөй жаткандыгына байланыштуу чараларды көрүү сунуштары айтылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.