7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оңдоодон өткөн поликлиника жана кардиология бөлүмү ишке берилди

330

Президенттин Иш башкармасына караштуу Клиникалык ооруканада кеңири масштабдагы капиталдык оңдоолор жүргүзүлүп, бүгүн поликлиника жана кардиология бөлүмдөрү толук жаңыланган түрдө ишке берилди.

Аткарылган иштер:
— Реанимация, жалпы профиль, күндүзгү стационар, лаборатория, кир жуугуч жана тамактануу бөлүмдөрү жаңыланды.

— Суу, электр, жылуулук, канализация системалары, пол, эшик-терезе, чатыр жана короо толук оңдолду.

— Заманбап жабдуулар орнотулуп, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Медициналык тейлөөнүн жаңычылдыгы:

— Диагностика ыкмалары (УЗИ, томография, рентген, гастроскопия ж.б.).

— Электрондук төлөм, МИС системасы, онлайн каттоо.

— Айлык маяналар жогорулап, жаңы адистер тартылды.

Бүгүнкү күндө имараттын 65% капиталдык оңдоодон өттү. Бул иштер президент Садыр Жапаровдун саламаттыкты сактоо тармагына болгон колдоосунун алкагында ишке ашырылууда.

331